Баткен облусунда 71 млн сомго 10 чакан ишкана ачылат

21.11.2019, 09:29 Акчабар
Баткен облусунда 71 млн сомго 10 чакан ишкана ачылат

Баткен облусунда 71 млн сомго 10 чакан ишкана ачылат, - деп кабарлайт өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыгынын алкагында, республикалык бюджеттен жылдык үстөк пайызы 6% болгон 2 млрд сом насыянын эсебинен Баткен облусунан сунушталган 10 долбоор жактырылды.

 

Алар айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, кен казуу, мал чарбачылыгы, балык чарба, текстиль жана медициналык кызмат көрсөтүү жаатындагы долбоорлор болгон.

Аталган долбоорлордун жалпы суммасы 71 млн сомду түзөт. Долбоорлордун ишке ашуусу менен облуста 10 жаңы ишкана ачылып, 160 жаңы жумуш орду түзүлөт.

«Бүгүн, 20-ноябрда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы инвестициялык бизнес, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандоо боюнча комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйында дагы өкмөттүн кароосуна 28 долбоор сунушталды», - деп айтылат маалыматта.

 

 

Тэги: Ишкана Баткен 71 млн

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу