«Бай-Түшүм» автоунаа алууга күрөөсүз насыя берет

16.11.2020, 09:10 Акчабар
«Бай-Түшүм» автоунаа алууга күрөөсүз насыя берет

Кыргызстанда дээрлик ар бир үй-бүлөдө унаа бар. Бул заманбап дүйнөнүн талабы болуп калгандыгын айгинелейт. Ошентсе да, ар бир адамдын кыялындагы машинаны сатып алууга каражаты жетиштүү эмес. Автоунааны тез насыялоо ар бир кыргызстандыкка каалаганына жетүүгө жардам берет.

Кыргызстанда учурда 10го жакын коммерциялык банк автоунааларды сатып алуу үчүн насыя берүүдө. Айрым мекемелер кыймылсыз мүлк түрүндө күрөөгө коюуну суранышат. Алгачкы салымдар сатып алынган автоунаанын баасынын 40-50% чейин жетиши мүмкүн.

Коммерциялык банктардын насыя өнүмдөрүн кылдаттык менен изилдеп, көпчүлүк жарандарга ылайыктуу болгон эң алгылыктуу сунушту «Бай-Түшүмдөн» таба аласыз.  Аталган банк темир тулпар сатып алуу үчүн автоунаа насыясын сунуштайт. Ага ыайык, туруктуу киреше булагы бар 22 жаштан 65 жашка чейинки ар бир кыргызстандык насыя алса болот. Негизги артыкчылыктарынын бири - күрөө үчүн кыймылсыз мүлктүн жана кепил болуучу кишинин кереги жоктугу. Ал эми банктагы арыз бир күндө гана каралып, андан кийин алар жаңы жана эски унааларды сатып алууга насыя берүүнү жактыра алышат.

«Бай-Түшүм» банкынын чекене насыя берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Абай Айткуловдун айтымында, сатылып алынган унаа күрөө милдетин аткарат. Ал үч жылга чейин камсыздандырылат.

«Насыянын үстөк пайызы бирдей - 20%. Бул насыянын мөөнөтүнө жана унаанын жылына байланыштуу эмес. Буга чейин бизде продукт болсо, эми кардарлар үчүн насыя алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп бердик. Насыянын көлөмү үч айдан беш жылга чейинки мөөнөткө 100 миң сомдон эки миллионго чейин өзгөрүлүп турат», - деди Абай Айткулов автоунаа насыясынын шарттары жөнүндө.

«Бай-Түшүм» жаңы өнүм Кыргызстанда популярдуу болот деп ишенет, анткени жарандар эң кыска мөөнөттө жана жеңилдетилген шарттарда каалаган унаасын сатып алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Тэги: Бай Түшүм Банкы насыя автоунаа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу