Кыргызстанда биотехнологиялар ишке киргизилет

17.06.2019, 11:15 Акчабар
Кыргызстанда биотехнологиялар ишке киргизилет

 Кыргызстанда биотехнология өнүгүүсү зарыл. Бул тууралуу  Соода өнөр жай палатасынын төрагасы Улукман Мамытов  жарыялады. 

Кантип биотехнологияны өнүктүрсө  болот?  Мамытовдун айтымында фундаменталдуу илимий изилдөөлөргө караганда, биотехнологияларды турмушта колдонуу,  аны коммерциялаштыруу ага ийгилик алып келет. 

«Дайыма өзгөрүп турган экономикалык шарттарда республика үчүн жеке биотехнологиялык илимий -изилдөө зарыл. Сырткы атаандаштарга туруштук берүү үчүн наркы арзан жана жогорку сапаттагы биотехнология керек. Продукциянын баасы массалык өндүрүм жана сатуу чынжырына байланыштуу», –  деп билдирди Мамытов.

Сапат R&D  аркылуу чечилет. Демек, илимий- иштеп чыгуу, технологиялык эксперменттер жогорку билмдүү адистер тарабынан баардык шарттары бар лабораторияларда жүргүзүлүшү керек. 

«Ошондукттан чакан жана оро бизнес мындай  изилдөөлөрду өз алдынча жүргүзө албайт. Бизнеске жардам берип, илимий-изилдөөгө кетирген чыгашаларын  алуу керек », –  деп билдирди ал. 

Комитеттин планында жакын арада ийгиликтүү  долбоорлорду  ишке ашырып, туура стратегияда бара жатканын көрсөтүшү  керек.  Жакында биотехнологиялык продукцияларды иштеп чыгуучу компаниялар иргелет. Аларга инновациялык бизнес-долбоорлорду  аткарууга көмөк көрсөтүлөт.

Тэги: биотехнологии Кыргызстан Улукман Мамытов бизнес ТПП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу