Бишкекте орточо эмгек акыга 700 кг картошка сатып алса болот

22.06.2020, 14:30 Акчабар
Бишкекте орточо эмгек акыга 700 кг картошка сатып алса болот

2020-жылдын май айында ЕАЭБ бирлигиндеги борборлордун ичинен 1 кг картошканын чекене баасы Москва шаарында - 0.45 $, Бишкек жана Нур-Султанда - 0.41 $ тузүп жатат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. 

 

Маалым болгондой, Минск шаарында 1 кг уйдун этинини баасы - 3.76 $, ал эми пастерленген сүттүн бир литрге болгон баасы - 0.63 $ түзгөн. Кой этинин минималдуу баасы Бишкек шаарында 4.57 $ катталган. 

Андан сырткары, маалым болгондой 2020-жылдын май айында Бишкек боюнча пастерленген сүттүн чекене баасы, Минсктеги баага салыфштырмалуу 11.3%, уй этине болгон баа - 21.5% жогорулаган.Нур-Султан шаарында биринчи сорт ундан жасалган нандын баасы - 40%, Минскиде - 11.7% кымбаттаган. Аны менен бирге 2020-жылдын май айында Бишкек шаарындагы жумуртканын орточо баасы, Нур-Султандагы баага салыштырмалуу - 16.2% жогорулаган. 

 

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш.

Минск ш.

Бишкек ш. = 100, пайыз менен

 

Уйдун эти

100

108,4

126,7

78,5

Койдун эти

100

136,3

169,1

-

Ак (каймак) май

100

165,3

294,7

177,2

Пастеризацияланган сүт, литр

100

104,2

153,5

88,7

Жумуртка, ондук

100

83,8

112,1

93,9

Биринчи сорттогу буудай уну

100

111,8

127,5

98,0

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

100

60,0

146,7

88,3

Картошка

100

100,0

109,8

107,3

АКШ доллары менен1

Орточо айлык эмгек акы2

272,9

645,1

1 353,9

686,3

Орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү кг менен

Уйдун эти

60,3

129,7

245,0

188,4

Койдун эти

63,1

108,0

192,3

-

Ак (каймак) май

70,0

98,9

122,5

97,1

Пастеризацияланган сүт, литр

405,5

914,2

1 368,7

1 124,4

Жумуртка, ондук

291,6

807,6

1 340,1

764,6

Биринчи сорттогу буудай уну

560,6

1 178,8

2 282,4

1 421,8

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

481,1

1 859,2

1 689,3

1 344,1

Картошка

696,1

1 658,8

3 320,9

1 593,0

 

1Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

22020-ж апрелиндеги - Бишкек ш. жана Минск ш. боюнча, 2020-ж. мартындагы - Москва ш. боюнча,
2020-ж. 1-кварталындагы - Нур-Султан ш. боюнча айлык орточо эмгек акы.

 

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мамлекеттердин айрым борбор шаарларында орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн2салыштырма талдоосу көрсөтүп тургандай 2020-жылдын майында Бишкек шаарында бардык тамак-аш азыктары боюнча анын көрсөткүчтөрү алардын башка борборлордогу деңгээлдеринен артта калган, бул Бишкек шаарында орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн төмөндүгү менен шартталган. Мисалы, орточо эмгек акыга Бишкек шаарында 700 килограммга чейин картошка же 561 килограммга чейин биринчи сорттогу унду, ал эми Москва шаарында – 4,8 эсеге көп (3 320,9 килограмм картошка) же 4,1 эсеге көп (2 282,4 килограмм унду) сатып алса болот. Минск шаарында бир айлык эмгек акыга 1,5 тонна, ал эми Бишкек шаарында – 2,5 эсеге аз (561 килограмм) биринчи сорттогу унду сатып алса болот.

Тэги: Бишкек орточо эмгек акы картошка баа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу