Бишкекте санитардык эрежелерди сактабаган ишкерлерге 983 миң сом айыппул салынды

01.06.2020, 16:00 Акчабар
Бишкекте санитардык эрежелерди сактабаган ишкерлерге 983 миң сом айыппул салынды

Бишкекте санитардык эрежелерди сактабаган ишкерлерге 983 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов билдирди.

 

Анын айтымында, райондук администрациялар Санитардык-экологиялык инспекция жана Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен биргеликте ишкердик субъекттердин санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоолору боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө. Алардын көчмө топтору тарабынан 14-майдан тартып бардыгы 4 миң 528 объект текшерилип, 983 миң 500 сомго айыппул салынган (447 протокол боюнча).

«Бишкек шаарынын мэриясынын максаты ишкердик субъекттерге айып пул салуу эмес, ишкердик субъекттер тарабынан санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын камсыздоо жолу менен Бишкек шаарынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу экендигин белгилей кетүү зарыл. Тилекке каршы коронавирустук инфекцияга байланыштуу учурдагы кырдаалга бардык эле ишкердик субъекттер ак ниети менен мамиле кылган жок. Алардын ичинде «Бишкек Парк» СБ, «Жираф», «Тайм-аут», «Восточка», «Омар не Хаям», «Стамбул», «Ванилла», «Авеню», «Ганбей» коомдук тамактануу түйүндөрү, «Бигсер спорт» дүкөнү, «Кудайберген», «Уста» жана «Элит Строй» базарлары сыяктуу ири ишкердик субъекттер бар», - деди ал.

Тэги: Бишкек санитардык эреже

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу