Салык кызматынын Маалымат борбору 1240 жаңы номери аркылуу иштей баштады
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Маалымат борбору жаңы номерге өттү. Маалымат борбору эми мурдагы үч сандуу 194 номеринин ордуна төрт сандуу 1240 номерине алмаштырылды.
Номерди алмаштыруу “Кыргызтелеком” бардык кыска үч сандуу номерлерди төрт сандуу номерге которуп жаткандыгына байланыштуу.
Салык кызматы жарандардан салык салуу жана салык кызматынын ишмердүүлүгү боюнча 1240 номерине кайрылууну суранат.