Чакан жана орто бизнеске 14 млрд сом өлчөмүндө финансылык жардам көрсөтүлгөн

01.07.2020, 15:35 Акчабар
Чакан жана орто бизнеске 14 млрд сом өлчөмүндө финансылык жардам көрсөтүлгөн

Кредит берүү процессин жөнөкөйлөштүрүү – өкмөттүн бизнести колдоого багытталган бирден-бир кадамы. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик банктардын ишмердүүлүгүн талкуулоо боюнча кеңешмеде айтты, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

 

Маалыматка ылайык, чакан жана орто бизнеске 14 млрд сом өлчөмүндө финансылык жардам көрсөтүү каралган жана «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасы ишке киргизилген.

«Биз бул программаны COVID-19 пандемиясынан жабыркаган бизнеске жардам көрсөтүү үчүн бекиттик. Эл аралык финансы институттарынын да, республикалык бюджеттен да каражаттар тартылууда. Жакында 1,3 млрд сомго аукцион өттү. Жакын арада дагы бир аукцион өтөт. Ага мүмкүн болушунча көп коммерциялык банктар катышуусу зарыл», - деп айтты өкмөт башчы.

 

Тэги: кредит процесс Өкмөт бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу