Чүй облусунда пневмонияны дарылоо үчүн 404 койко-орунду даярдоо пландалууда

03.07.2020, 14:05 Акчабар
Чүй облусунда пневмонияны дарылоо үчүн 404 койко-орунду даярдоо пландалууда

Чүй облусунда пневмонияны дарылоо үчүн 498 койко-орун бар, буга кошумча дагы 404 койко-орунду даярдоо пландалууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 
 

«Бүгүнкү күндө, Чүй облусунда 12 саламаттык сактоо мекемесинде коронавирус инфекциясын жана пневмонияны дарылоо жүрүп жатат. Алардын ичинен, 4 ооруканада 109 койка-орун даярдалып, учурда 83 бейтап жаткырылган. Жарандарга тез жана ыкчам түрдө алгачкы жардамды берүү үчүн ар бир оорукананын алдында стационардык палатка пункттары даярдалган», - деп билдирди КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Гульнура Мамбетисаева.
 

 

Анын айтымында, пневмония дартынын күч алышына байланыштуу 8 саламаттык сактоо мекемесинде 498 койко-орун даярдалган. 3-июлга карата маалыматка ылайык, жалпы 462 бейтап жаткырылган.
 

 

«Кошумча койко-орундуктарды даярдоо боюнча активдүү иш жүрүп жатат. Медициналык пероналды зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздап, шарттарды түзүү боюнча иштеп жатабыз. Жакын арада, дагы кошумча 404 койко-орун даярдалат», - деп кошумчалады.

Тэги: Чүй облусу пневмония дарылоо республикалык штаб

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу