Башкы прокуратура УКМКга Бишкек ликер-арак заводунун мыйзамсыз банкротко учурагандыгы тууралуу сотко чейинки териштирүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу жарандык активист Мелис Аспеков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков басып алуу жолу менен Бишкек ликер-арак заводун жана «АкылИнвестБанкты» тартып алган. Андан сырткары, Мелис Аспеков бул иликтөөлөрдү чыгарган соң, анын дарегине коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын билдирген.
Чыныбай Турсунбеков бул маалыматтардын бардыгын жалган деп ырастоодо.