Атамбаев Түлеевден карыз алып шайлоого барганбы?

18.06.2019, 14:00 Акчабар
Атамбаев Түлеевден карыз алып шайлоого барганбы?

Алмазбек Атамбаев шайлоо компаниясы үчүн Нариман Түлеевден  $500 миң алган. Бул тууралуу 17-июнда депутаттык комиссиянын жыйыныда Кыргызстандын экс-президентин кол тийбестигин алуу маалында Бишкектин мурдагы мэринин кызы, учурдагы депутат  Назгүл Түлеева  жар салды. 

 

«Канатбек Исаев  Атамбаев  мультимиллионер болду деп бир нече жолу айткан. Мен муну толук тактай алам.Ал менден $500  миң долларды карызга алып, шайлоо компаниясына салган. Ал мамлекет башчысы болуп келгенде акчамды  сурагам.  Андан кийин анын мага мамилеси өзгөрдү. Мен ага 2010-жылга чейин дайыма жардам берип келгем. Андан кийин мени жана жакындарымды куугунтукка ала баштады.  Атамбаев мени бизнесмен жана саясатчы катары жок кылгысы келген. Сот учурунда ар кандай шарттар менен соодалашуу жүрдү.  Менин мисалымда ал толук мыйзамсыздыкты колдонду», —деп жазылган Нариман Түлеевдин кайрылуусунда. Аны депутаттык комиссияга кызы окуп берди. 

Назгүл Түлеева  алардын мүлкү  мыйзамсыз конфискацияланган деп билдирди. 

«Атамбаев  туруктуу кылмыштуу топту башкарган адам», —деп билдирди ал. 

Кошумчалай кетчүү  жагдай, учурда Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, анда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алып салуу каралууда. Ошондой эле депутаттар Башкы прокуратурага бийликти узурпациялоожана коррупция боюнча кылмыш ишин козгоо сунушун  беришет. 

Учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тагдырын  80 депутаттын добушу чечет. Анда «экс» макамы, кол тийбестик алынса эле, кылмыш иши козголушу мумкүн.

Тэги: Алмазбек Атамбаев комиссия Нариман Тюлеев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу