«Росинбанк» ААК капиталы 4 млрд 550 млн сом болуп, Улуттук банктын үлүшү 85% дан 95% өскөн. Бул тууралуу финансы жана бюджет боюнча Жогорку Кеңештин жыйыныда кечээ 3-июнда Толкунбек Абдыгулов билдирди.
Анын айтымында «Росинбанк» ипотека менен курулуш тармагында иштейт. Ипотекалар МИК аркылуу берилет.
Комитетте 2018-жылдагы Улуттук банктын отчетун угуп чыгышты.
«Учурда 25 банк иштеп, анын 2-3 Улуттук банктын талаптарын аткара албай жатышат. Жаңы мыйзамга ылайык алар эми микрофинансы уюму болуп түзүлүшүү керек, эгерде 600 млн сомго баштапкы капиталы жетпесе», — деп билдирген Абдыгулов.