Дубай 7-июлдан тарта туристтерди кабыл алат

23.06.2020, 13:30 Акчабар
Дубай 7-июлдан тарта туристтерди кабыл алат

7-июлдан тарта Дубай туристтер үчүн өз эшигин ачат. Бул тууралуу ТАСС порталы, эмираттагы кмт башчынын Твиттердеги билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыкты. 

 

«Дубай 2020-жылдын 7-июлунан тарта туристтерди кабыл алат. Саякаттоого келген туристтер вирустун жоктугун далилдеген тесттин жыйынтыгын ала жүрүүсү керек же болбосо Дубайдын аэропортунан анализ тапшыруусу кажет», —  деп жазылат маалыматта. 

Белгиленгендей, жашап турууга уруксаты барлар эмиратка 22-июндан тарта келе беришсе болот. Ал эми жергиликтүү тургундарга 23-июндан тарта чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди. 

Тэги: Дубай туристтер саякат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу