Орусияда кошумча программалык камсыздоолорду орнотуу тууралуу мыйзамга үч өлкө каршы чыкты

23.12.2019, 16:01 Акчабар
Орусияда кошумча программалык камсыздоолорду орнотуу тууралуу мыйзамга үч өлкө каршы чыкты

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө үч өлкө Орусиянын базарында сатылып жаткан смартфондорго, компьютерлерге жана акылдуу телевизорлорго кошумча орусиялык программаларды орнотууга милдеттендирген мыйзамга каршы чыкты. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын алдындагы ички базарлардын иштеши боюнча департаменттин токтомуна таянып «Ведомости» гезити жазды.

Мекеменин маалыматына караганда, Казакстандын, Беларустун жана Кыргызстандын өкүлдөрү Орусиядагы жаңы мыйзам биримдиктин ички базарынын ишине тоскоолдук кылышы мүмкүн деп эсептешет. Евразиялык экономикалык комиссиянын басма сөз кызматы биримдикке мүчө өлкөлөрдүн бул пикири боюнча анализ жүргүзүлүп жатканын ырастады.

Орусияда кошумча программалык камсыздоолорду орнотуу тууралуу мыйзамды Мамлекеттик Дума быйыл ноябрда кабыл алып, президент Владимир Путин декабрда кол койгон. Ага ылайык, 2020-жылдын 1-июлунан тарта смартфондорго, компьютерлерге жана акылдуу телевизорлорго милдеттүү турдө кошумча орусиялык программалар орнотулушу керек. Алардын тизмесин өкмөт аныктайт.

 

Булак: 24.kg 

 

 

Тэги: ЕАЭБ үч өлкө программа Орусия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу