Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине жасаган экспорту 2019-жылдын беш ай аралыгында $210 млн 639 миң 335 бааланды. Мындай эсептөөнү Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) жасап чыккан.
Баалар боюнча экспорттун наркы 24.3% 2018-жылдагы дал ушул мезгилге караганда төмөн түшүп кеткен.
Айтмакчы,январдан-май айына чейинки аралыкта Кыргызстандан Арменияга эч нерсе экспорттолгон эмес. 2018-жылы дагы эч кандай алыш бериш мамилеси болгон эмес. Ал эми Беларусияга карата экспорттун баасы 61.1% жогоруласа, Казахстанга — 13.5%, Россиягатескеричне 51.8% төмөндөө болгон.
Кыргыз экспортунун көлөмдүү бөлүгү Казахстанга жөнөтүлүп $126 млн 872 миң 739 сумманы түзүп, анда кен байлыктары, руда баалуу металдардын кошулмасы эле $48 млн 880 миң 353 бааланды.
Экспорттогу экинчи орунга Россия туруп, анда Кыргызстандан $78 млн 584 миң 793 каражатка ата мекендик товарлар сатылган.
Ушул эле мезгилде Беларусияга $5 млн 181 миң 803 каражаттык товарлар ташылган. Алардын 95% автомобиль, трактордун тетиктери $4.8 млн каражатка Кыргызстан саткан. Экспорттун калган бөлүгүн азык-түлүк, бут кийим жана кийим кечек түздү.