КР тышкы өлкөгө болгон соода жүгүртүүсү 2018 – жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 28.9% өскөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирет.
Бул көрсөткүч баалуу металлдардын 1.6 эсеге көп келүүсүнөн таасир эткен. Баалуу металлдардын Кыргызстандан тышкы мамлекеттерге экспорттолушу жалпы көлөмдөн 62.9% түзөт. Андан сырткары, экспорттун өсүүсү тамак-аш азыктары жана айыл-чарба чийки заттын келүүсүнүн негизинен көбөйгөн деп билдиришет эксперттер. Өткөн жылга салыштырмалуу 1.8 эсеге көп өндүрүш катталган. Жалпы экспорттон 9.2% түзөт.
Ошону менен катар минералдуу азык-түлүктүн көрсөткүчү 19.1% кыскарган, анын ичинен металл жана буюмдар – 42.1%.
Эске сала кетсек, ЕЭКтин жыйынтыгы менен КР – ЕАЭС мамлекеттерине болгон экспорту 20.1% кыскарган.