Экспорттко чыккандар жеңилдетилген насыяларды ала алышат

07.05.2019, 09:45 Акчабар
Экспорттко чыккандар жеңилдетилген насыяларды  ала алышат

«Иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканаларды каржылоо» долбоорунун алкагында экспорттоочуларга жеңилдетилген насыя жеткиликтүү болот. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү буйругуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

2019-жылдын майынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканаларды каржылоо» долбоорун ишке киргизет. Анын башкы максаты – өлкө аймактарындагы өндүрүлгөн продукцияны экспорттогон жана экспортко багытталган жаңы ишканаларды ачкан ишкердик субъекттерине мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Тамак-аш кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн атамекендик ишканалар (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) коммерциялык банктардан 3-5 жылга жылдык 8-10 акыркы пайыздык коюм менен жеңилдетилген узак мөөнөттү насыяларды ала алышат.

Буга чейинки «Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо-1» долбооруна салыштырмалуу жаңы Долбоордо патенттик негизде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн тигүү ишканалары үчүн жеңилдетилген насыя каражаттарын (негизги каражаттарга 1 млн сомдон ашык эмес жана жүгүртүү каражаттарына 500 миң сомдон ашуун эмес) алуу укугу каралган.

Долбоорду ишке ашыруу тандалган коммерциялык банктар аркылуу берилген насыя каражаттарынын пайыздык коюмдарын субсидиялоо жолу менен жүргүзүлөт. Тийиштүү финансылык ресурстар өлкө бюджетинде каралган. 

 

Тэги: экспорт кредиты льготы экономика финансы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу