«Айыл Банктын» «Береке» электрондук капчыгы иштей баштады

23.05.2019, 11:15 Өнөктөштүк макаласы
«Айыл Банктын» «Береке» электрондук капчыгы иштей баштады

«Айыл Банк» ААК дайыма заманга жараша алдыга жылыган динимикалуу өсүп жаткан банктардын бири.  Банк маалыматтык техналогиялардын өсүшүнө салым кошкон,кардарларына сапаттуу финансы инструменттерин сунуштап, мыкты тейлөө көрсөткөн финансы мекемеси.  

Замандын талабына жараша технологиялар күн сайын өсүүдө.Булар төлөм терминалдары, мобилдүү жана интернет банкинги,  төлөм карталары, соода эквайринги, электронндук акчалар менен дагы көп кызматтарды сунуштап келишет. 

Алардын ичинде ыңгайлуу жана финансалык жакшы жардамчы катары электрондук капчыктарды атасак болот. Кыргызстанда бир нече электрондук капчыктар сунушталууда. Алардын негизги операциялары кызматтарга төлөм жасоо, мобилдик телефондорго баланс толтуруу, төлөм жүргүзүү жана банк кызматтарына аз кайрылуу. 

«Айыл Банктын» «Береке» электрондук капчыгы  төлөм гана жасап, акча которууга мүмкүнчүлүк ачпастан, аймактагы калкты инновациялык  технологияларды колдонууга жол ачып, финансылык жактан сабаттуулугун жогорулатат. 

Элдин финансалык сабаттуулугун жогорулатуу менен айрыкча өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо аркылуу, өлкөнү өнүктүрөбүз. 

«БЕРЕКЕ» электрондук капчыгы —  төлөм системасындагы  жаңы муундагы, ишенимдүү финансалык жардамчыңыз. Сиздин чөнтөгүңүүздөгү капчыгыныз, эми баардык эсепти жүргүзүп, кайтарымды,калдык акчаны баардыгын эсепке алып турат. 

 «БЕРЕКЕ» электрондук капчыгы ачкан мүмкүнчүлүктөр:

  •  коммуналдык кызматтарга, телевидение, интернет, салыктарга төлөм жасоо;
  • уюлдук  телефондорго акча жүктө;
  • кайрымдуулук уюмдарына салым салуу ;
  • товар менен кызматтарга акы төлөө;
  • киного, театрга билет сатып алуу;
  •  «БЕРЕКЕ» системасынын ичинде акча которуу;

«Айыл Банктын» кеңселеринин биринде индентификация жасалган соң, электрондук капчык аркылуу айрым банктык операцияларды аткара аласыз:

  • эсепти толтуруу;
  • насыяга төлөм жасоо; 
  • депозиттик эсепке акча салуу; 
  •  «Элкарт төлөм системасын толуктоо.

Ошентип, «БЕРЕКЕ» электрондук капчыгы сиздердин кезек күтүп же жолго короткон убакытты үнөмдөйт же болбосо, насыяны төлөйм деп кетирген убакыттын ордуна үйдө жакындарыңызга көңүл  бурууга шарт түзөт. 

Айтмакчы электрондук капчыкка суроо талап жогору.  «Береке» электрондук капчыгы заманга жараша ыңгайлуу, тез жана кызмат көрсөтүүдө, төлөм жасоодо баардык талаптарга жооп берген төлөм каражаты экенин далилдеди. 

 «БЕРЕКЕ» капчыгын артыкчылыктары 

Ишенимдүү.  «БЕРЕКЕ» электрондук капчыгы  Айыл Банктын продуктусу. Анын 100% акциясы мамлекетке таандык. Ошондуктан,  «БЕРЕКЕ» электрондук капчыгы мамлекет тарабынан кепилденген ишенимдүү кызмат. 

Кеңири мүмкүнчүлүктөр.  «БЕРЕКЕ» электрондук капчыгы 24/7 күн тартибинде кеңири банктык жана төлөм кызматтарын сунуштайт. 

Ылдамдык. Баардык төлөм жана акча которуулар онлайн режиминде бир нече секундда жүрөт. 

Жеткиликтүү  жана ыңгайлуу. «БЕРЕКЕ» электрондук капчыгы  «Айыл Банк» ААК банкоматтары менен баардык бөлүмдөрүндө тейлөөгө  алынат. Акча чыгаруу Банктын 180 мекемесинде жасоого мүмкүн. 

Бекер тейлөөгө алуу. Негизги төлөм операциялары, насыяны жоюуга жана башка кызматтардын баардыгы  «БЕРЕКЕ» электрондук капчыгы аркылуу баардык колдонуучуларга АКЫСЫЗ  жасалат. Болгону уюлдук телефондон жүктөлүшү керек. 

Каттоонун жөнөкөйлүгү. «БЕРЕКЕ» уюлдук телефон аркылуу бир нече аракет гана жасоо жетиштүү: 

  • Өз номериңизди bereke.ab.kg  сайтына киргизип же «Береке» тиркемесин жүктөп алып ( Play Маркет/OIS алдын ала жүктөп);
  •  SMS аркылуу алган сыр сөздү киргизип; 
  • жаңы купуя сыр катып аны киргизип коюу керек; 

Текшерүү. Баардык жасалган төлөмдөрдү сооданын тарыхы  аркылуу жана автоматтык түрдө транзакция жасалганда  келген SMS  аркылуу текшерүүгө  алса болот. 

Өнүгүү келечеги кең 

Адамдын жашоосундагы ар тармактагы  инновациялар түйшүктүү жеңилдетип, ылдамдыкты кошот эмеспи. Динамикалуу жана ыкчам жашоо замандын талабы болуп калбадыбы. 

Андыктан,  «БЕРЕКЕ» — электрондук капчыгы төлөм жасоодогу ыкчам жана ыңгайлуу гана кызмат  эмес,  «БЕРЕКЕ» кардарларын жаңы кызматтар жана сунуштары  менен кубантуучу тейлөө кызматы. 

Тэги: Айыл Банк Береке электронный кошелек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу