Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 36 миллион сомдон көп акча которулду

03.06.2019, 10:45 Акчабар
Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 36 миллион сомдон көп акча которулду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 36 миллион 988 миң 698 сом өлчөмүндө акча которду.

ЭККМК тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 700 миллион 441 миң 493 сомду түздү.

«Бул которуу “Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомун аткаруу үчүн ишке ашты»-деп билдирди финансы полициясынан.

 

Тэги: ГСБЭП Единый депозитный счет финансы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу