Баалуу кагаздар рыногунда 8-июлдан 12--июлга чейинки аралыкта 78 соода сатык жүрүп, анда 13 компаниянын баалуу кагаздары 27.7 млн сомго сатылган. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.
Өткөн аптага караганда соода сатыктын көлөмү көбөйгөн. Анда облигациялар менен ипотекалык облигация баштапкы рынокто коюлса, экинчи рынокто акциялардын саны дагы көбүүрөк сатыкка чыгарылган.
Бир аз төмөндөө 1% түшү экинчи рыноктогу облигацияциялар арасында жүргөн.
Корпаративдик жана ипотекалык облигациялардын жалпы көлөмү 25.8 млн сомду түздү.
Байкоого алган мезгил аралыгында Мамлекеттик ипотекалык компания 15.3 млн сомго акцияларын сатып, анын бир облигациясы 20 миң сомдон турууда. Облигациялар боюнча экинчи орунда «Первая Металлобаза» ЖЧК компаниясы 8.5 млн сомго облигация сатса, «Салым Финанс» МФК — 1.9 млн сомго сатуу жүргүзгөн.
Ал эми экинчи рынокто 43 соода сатык жүрүп, анда 1.9 млн сомго сатуу жана сатып алуу катталган. Анын ичинде 46% соода жөнөкөй акциялар стратка чыккан компаниялар койгон.
Экинчи рыноктогу 31% соода сатыктын көлөмүн корпоративдик акциялар ээлеген
«Жалалабатэлектро» ЖАК, «Кыргызнефтегаз» ЖАК, «НЭСКыргызстан» АКК биргелешкен соодадангы көлөмү 900 миң сомду түздү. Ошол эле учурда сооданын басымдуу көлөмүү «НЭСК» баалуу кагаздары менен жүрүп, сооданын суммасы- 600 миң сомду түздү
Листинг секторунда 44 соода жүрүп, анын суммасы 26.4 млн сомду түздү.
Анын ичинде:
Экономикадагы сатуудагы лидерлик позицияга финансы секторундагы компаниялар чыгышты. Андан кийин тейлөө жана өнөр жай секторундагы баалуу кагаздар турушат: