ГНС передала в мобильные группы материалы по 285 фактам ввоза товаров

20.06.2019, 09:45 Акчабар
ГНС передала в мобильные группы материалы по 285 фактам ввоза товаров

2019-жылдын 5 айынын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарындагы транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пункттарынын ишине тартылган кызматкерлери товарлардын ар кандай түрлөрүн импорттоо менен алектенген ишкерлер тууралуу 285 факт боюнча материалдарды мобилдик топторго кароо үчүн өткөрүп беришти.
 

Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек автожолу” контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунун иши менен таанышуу максатындагы журналисттер менен болгон пресс-турдун жүрүшүндө Салык кызматынын салыктарды мониторингдөө, каттоо жана издөө башкармалыгынын начальниги Чынара Мамырбаева билдирди.
 

Алардын ичинен, ташылып келүүчү жүктөргө товар коштоочу документтердин жоктугуна байланыштуу – 67 учур, Казакстан Республикасынын ДСУнун товарларын алып коюу тизмесине киргизилген товарлар боюнча документтер – 3, коштоочу кагаз же CMR – 7, аймактык салык органынын маалымкатынын жоктугу – 163, ташылып жаткан жүктүн иш жүзүндөгү көрсөткүчү коштоочу документтерде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр менен дал келбеген – 45 учур.
 

Биргелешкен мобилдик топтордун карап чыгуусунун жыйынтыгы боюнча жана тийиштүү документтерди бергендигине байланыштуу жүк ташуучуларга 268 унаа каражаты кайтарылган, калган 17 унаа абал аныкталып, тиешелүү уруксат берүү документтери берилгенге чейин убактылуу токтотуучу жайга жайгаштырылган.
 

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-октябрынан тартып кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын 4 контролдук-өткөрмө пункттарынын жанында транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пункттары иштеп жатат. Атап айтканда Талас облусунун Манас районунда ("Чоң-Капка-автожол"), Чүй облусунун Панфилов районунда ("Чалдыбар автожол"), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ("Ак-Тилек автожол"), Чүй облусунун Аламүдүн районунда ("Ак-Жол автожол") убактылуу пункттары.
 

Бардык убактылуу пункттарда Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташылып келинген жүктөр жөнүндө маалыматты онлайн режиминде аймактык салык органдарына жөнөтүүгө мүмкүндүк берүүчү коштомо кагаздарды эсепке алуу боюнча автоматташтырылган система иштөөдө.

Тэги: ГНС импорт нарушения госграница

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу