Мамлекеттик каттоо өлкө боюнча имараттар тууралуу бирдиктүү база түзүүдө

21.05.2019, 09:35 Акчабар
Мамлекеттик каттоо өлкө  боюнча имараттар тууралуу бирдиктүү база түзүүдө

Мамлекеттик каттоо  кызматы ачык маалыматтар боюнча DataCon Central Asia конференциясына катышып, анда Улуттук инфраструктуралар  ачык маалыматтарда деген долбоорунун бет ачаарын жасашты. 

Жыл сайын имараттар, турак жайлар тууралуу  ачык маалыматарга элдин суроо талабы күчөп келет. Анын ичинде: коммуникация түйүнү, жарандарды каттоо, шайлоочулардын тизмесин аныктоо, айлана чөйпөнү коргоого байланышкан иш чаралар, аймак аралык бөлүнүү, айыл чарбасы  тууралуу картографиялык маалыматтарга муктаждыктар күч. 

«Кыймылсыз мүлк рыногу өнүккөн сайын имараттардын так жайгашуусу, графикалык маалыматтары менен даректери даана түшүшү талап кылынууда. Мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчиктеги имараттарды бирдиктүү Улуттук  инфраструктура аймагына топтоо зарылдыгы тууралуу», - конференцияда Мамекеттик каттоонун Геомаалыматтар түйүнү боюнча Борборунун жетекчиси  Алмаз Абдиев билдирди

Ал мүлк тууралуу бирдиктүү маалыматтарды топтоо системасы тууралуу  жана Кыргызстан боюнча имараттардын даректери жайгаштырылган маалыматтар  чогултулуп жатканын билдирди. 

«Учурда кадастардык бирдиктүү маалымат базасы түзүлүп, имараттардын, турак жайлардын жайгашуусун каттоого  алган  GPS технологиясы колдонуулуда. Электрондук карталар менен колдонуу үчүн бирдиктүү кадастр картасы жардамга келет. Электрондук карталарды бир гана кадастырдык максаттар үчүн гана эмес, экономиканын башка тармактарын өстүрүү үчүн, алсак, суу түтүктөрүн өнүктүрүү, калк жайгашкан аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу жана жолдорду жана аймактарды пландаштырууга дагы жардам берет», — деп билдирди ал. 

Тэги: цифровые данные ГРС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу