Студенттер үчүн «Газпром» менен Google компаниялары эң ыңгайлуу компания деп lenta.ru РБК таянып жазып чыкты.
Мындай рейтинг жыл сайын уюштурулуп, анда Россиядагы «2019-жылдагы эң жакшы жумушу сунуштаган компания» рейтинги Universum тарабынан жасалды.
Финансы менен бизнесте окууган студенттердин 29.1% , инженердик-техникалык факультетин 31.3% студенттери «Газпром» компаниясын ыңгайлуу деп аташкан. Google компаниясын IT- адистери менен гуманитардык багыттагы — 50.8% жана 35.3% студенттер мыкты деп таанышкан.
«Газпром нефть» компаниясы келечектеги финансы адистеринин (19.5%) кызыгуусун жаратса, (22.4%) табыгый илимдин студенттери бул команияда иштөөнү каалашат.
Компаниялардын сутуденттер арасында абройлуу болушуна жогорку айлык акысы, профессионалдуу өсүүсү себеп болууда.
IT адистиги менен окууган студенттер: 63.2 миң рубль айлык акы табууну самашат. Келечектеги инженерлер менен табыгйы илимдердин студенттери 60.4 миң рубль алууну эңсешет.
Буга чейинки изилдөө көрсөткөндөй россиялыктардын 70% үчүн идеалдуу жумуш бул жогорку айлык төлөгөн компания болуп саналатАндан кийин социалдык пакет мааниге ээ. Ага 65% социалдык пакет үчүн кызыккандар.