Жээнбеков Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоо үчүн Москвага барат

22.06.2020, 14:15 Акчабар
Жээнбеков Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоо үчүн Москвага барат

Президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Путиндин чакыруусу менен 24-июнда 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

 

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун билдиришинче, иш сапардын алкагында Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышуу пландаштырылган.

«Белгилей кетчү нерсе, 75 жыл мурун, ушул күнү — 1945-жылдын 24-июнунда Кызыл аянтта жеңүүчүлөрдүн легендарлуу тарыхый парады болуп өткөн», — деп белгиледи Данияр Сыдыков.

Тэги: президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу