27-майда Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов Фукаи шаарынын мэри (Япония)Кожимо Сусуму менен жолугушту. Жолугушуу маалында кыргызстандыктарды бул шаарга эмгек миграциясына жөнөтүү тууралуу соз болду.
Жолугушууга Фукая шаарынын Эл аралык тил академиясынын өкүлү Фуджимур а да катышыты. Жыйынтыгында эки тараптуу келишимге кол коюлуп, быйыл Эл аралык тил Академиясы Кыргызстандан 40 адамды тил үйрөтүүгө кабыл алууга даяр экенин билдирди. Тил үйрөнгөндөн кийин кыргызстандыктар бул шаарда ар кандай кызматтарда иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат.
Мындан тышкары, Ибраимжанов Фукаи шаарындагы Wellness terrace карыялар үйүнө барып, анда эмгектенип жаткан эмгек мигранттары менен жолугушуп келди.