Канада Кыргызстанга болгон инвестициянын көлөмүн күчөтүүдө

16.09.2019, 11:45 Акчабар
Канада Кыргызстанга болгон инвестициянын көлөмүн күчөтүүдө

2019 – жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанга келген түз чет элдик инвестициянын көлөмү өскөнүн буга чейинки макалада маалымдалган. 

2018-жылдын I жарым жылдыгына салыштырганда түз чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмү 1,8 эсеге, негизинен Канададан (8,9 эсеге), Улуу Британиядан (4,6 эсеге), Кытайдан (1,9 эсеге) жана Нидерланддан (1,4 эсеге) алардын өсүшүнүн эсебинен көбөйгөн фактыны эске алуу менен өлкөнүн ири салык төлөөчүлөрү тарабынан геологиялык чалгындоого инвестициялардын өсүшү белгилей кетүү керек. 

Чет өлкөлүк түз инвестициялардын түшүү жалпы көлөмүндө салыштырма салмагы Кытайга туура келет (келип түшкөн инвестициялардын жалпы көлөмүнөн 46,2 пайыз), Улуу Британия (16,4 пайыз), Канада (11,2 пайыз), Нидерланддар (8,0 пайыз) жана Туркия (4,4 пайыз). 

2018 – жылдын I жарым жылдыгына салыштырганда инвестициялык агымдардын Россиядан 1,7 эсеге жана Казакстандан 1,5 эсеге төмөндөшү байкалды. Муну менен катар Өзбекстандан келген инвестициялар 1,3 эсеге көбөйгөн.

 

Тэги: Кыргызстан инвестиции прямые иностранные инвестиции экономика Канада ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу