Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү майды мыйзамсыз ташып жүрүшкөн кылмыштуу топ кармалды

03.10.2019, 09:59 Акчабар
Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү майды мыйзамсыз ташып жүрүшкөн кылмыштуу топ кармалды

Талас облусунун Кара-Буура жана Манас районунун Каржы полициясынын бөлүмү КР аймагына мыйзамсыз күйүүчү майды ташып жүрүшкөн кылмыштуу топту кармашты. Бул тууралуу Каржы полициясынын басма сөз кызматы билдирет. 

«Чоң-Капка Автожолу» контролдук өткөрмө пунктунан Казакстадан күнүнө 3-5 каттам менен каттаган жеңил жана оор жүк автоунаа айдоочуларына болгон шек саноолордон улам, текшерүү иши башталган. Текшерүү учурунда маршрут алдын-ала пландалгандай, Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылына токтоп, алынып келинген күйүүчу майларды башка оор жүк ташуучу автоунаага өткөзүп берген. 

Андан соң, 1 – октябрда жогоруда аталган даректен “ДАФ”  үлгүсүндөгү оор жук ташуучу автоунаа (бензовоз) кайрадан “Кызыл-Адыр” ТТПдан токтотулган. Автоунааны текшерү учурунда 37000 литр күйүүчү май аныкталып, текшерүү учурунда айдоочунун  эч кандай уруксат кагазы жок болуп чыккан. Аталган авто жүгү менен айып пул төлөнүүчү АО «Ж.»  унаа токтотуучу жайга киргизилген. 

Бул факт Бирдиктүү реестрге катталды. 

Учурда териштирүу иштери жүргүзүлуп жатат. 

 

 

 

Тэги: Каржы полициясы Кыргызстан Казакстан ГСБЭП күйүүчү май

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу