КР менен Түштүк Корея түз авиалиния ачууну көздөйт

25.09.2019, 09:24 Акчабар
КР менен Түштүк Корея түз авиалиния ачууну көздөйт

Түштүк Кореядан Кыргызстанга келген туристтердин саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Ошол себептен Бишкек - Сеул түз авиакаттамына болгон талап күчөп жатат. Бул суроо боюнча КР Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов менен Түштүк Кореянын Өзбекстандагы элчиси Кан Чже Квон менен болгон жолугушууда талкууланды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. 

Андан сырткары, Ибрагим Жунусов Кыргызстан экологиялык таза азыктарын экспорттоо боюнча соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө кызыктар экенин билдирди. 

Эки тараптын өкүлдөрү жакын арада өтө туруучу “Борбордук Азия – Корея Республикасы” саясий форумдун маселелери тууралуу талкуулашты.  

 

Тэги: авиалиния Түштүк Корея Бишкек-Сеул Ибрагим Жунусов элчи

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу