Иштерман кыздардын-ишкерликтеги ийгиликтери

26.07.2019, 11:12 gulmira umetalieva
Иштерман кыздардын-ишкерликтеги ийгиликтери

Ишкерликти илгерилетүү үчүн көп каражат, укумуштудай бизнес-план эмес, эң башкысы каалоо  менен аракет зарыл. Бул формуланы Нарындагы төрт курбу кыздар далилдешти. Анда сөз башынан болсун. 

Төрт кыз жана торт 

Нүргүл Абыдкеримова, Гүлзада Мусабекова, Назира Бейшенбекова менен Рахат кызы Жазгүл Нарындагы студент кезинде таттуу торт жасап, аны кафелердин бирине сатууга коюшчу. Ошентип, студент кыдар  бош убактыларында торт жасап, кошумча киреше табып баштаган. Төрт кызды бириктирген таттуу торттор -ишкерликтин башаты болуп калды. Ал кезде кыздар  сабактан бош болуп калганда Нарындын суугунда ысык чай, ширин тортторун  жегенге ылайыктуу жай жок болгону аларга бизнес идеясын жаралуусуна себеп болгон. Төрт курбу чогулуп дал өздөрүндөй студенттерге ылайык кофекана ачууга бел байлашкан.

Кароосуз калган жер төлөөдө кофейня ачууга 500 миң сом оңдоо ишине жумшалса, кыздар идиш-аяк керектүү жабдыктарды карызга алышып, бир жылдын ичинде карыздарынан кутулушкан. 

Кофейняга келген кардар чөнтөгүнө  жараша азыктана алат. Ишкер кыздар студенттер үчүн деп ачкандыктан, баалары өтө кымбат эмес. 

Нарын болгондуктан меню дагы жергиликтүү климатка көз каранды. Бирок, чүйгүн тамак дагы издеп ичкендер дагы жок эмес. 

Аш казанды эмес, баш казанды толтуруу

Эми кофейня Нарындын жаштары көп кирген жайга айланган. Анда бир гана аш казанды толтуруу эмес, адамдардын чогулуусуна, кызыгуусуна жараша идеялаштарды табуучу аянчага айланып барат. 


Аймактардагы шаарлардын жаштары өзү жашаган чөйрөдө  активдүү  болуп, жергиликтүү  бийлик менен иштешип, айрым маселерди чечүүсү өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымыш кошушу мүмкүн. Ошондуктан, Кыргызстандагы Сорос фонду аймактарда  жарандык коом үчүн талкуу жасоочу, жаштар чогулучу аянтчаларды түзүүгө атайын окууларды жүргүзүп, ага «KulturKafe» негиздөөчүлөрү  дагы чакырылган. 

Иштермандык ийгиликке жетелейт 

Иштерман болуу ийгиликке жетелөөдө. Алгач, торт сатуу менен алектенген курбулар  кофейня ачкандан кийин, дал ушул Нарындыктар үчүн  «Тот самый торт»-аттуу кондитердик цехин ачышкан. Эми алар киреше гана таппастан, социалдык жактан муктаж болгон адамдарды жумуш орду менен камсыздашууда. 

Курбулар эми Нарындагыдай эле кофейняны Кыргызстандын башка аймактарында  ачууну максат кылууда. Анткени, иш башталган соң, жаңы баскычтарды багынтууга дагы далай жолдор ачылууда. Балким, бул кыздардын ийгилигинин тарыхы сизди дагы ишкерлик жасап, жаңы иш баштоого шык берээр. Негизи, иштермандар гана ийгилик жаратарын турмуш өзү көрсөтүүдө.  Ийгилик сизге, замандаш! 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу