Кыргызстан менен Германия €14.9 млн карызды конверсиялайт

15.07.2019, 10:32 Акчабар
Кыргызстан менен Германия €14.9 млн карызды конверсиялайт

Бишкекте 11-12-июлда Кыргызстан менен Германиянын  ортосундагы өкмөттөр аралык финансы жана техникалык кызматташуу  боюнча жолугушууда мамлекеттик карызды консервациялоо  каралды. Анда  €14.9 млн каражат тууралуу сөз болду.  

Германияга төлөнө турган мамлекеттик карыздардын суммасы эми ипотекага жумшалат. 

«Германия Кыргызстандан мамлекеттик карызды өндүрбөйт. Карызга каралган сумма МИК жумшалат. Бирок, ошол эле учурда  Германия карызды жоюу катары кабыл алат. Ошентип, бул акчалар кайрадан эле кыргыз экономикасы үчүн жумшалат », — деп билдирди  «Акчабарга» Экономика министрлигинин жардамдар боюнча стратегия башкармалыгынын башчысы Султан Ахматов.

Жогорудагы каражаты МИК компаниясы « Жеткиликтүү ипотека» программасын каржылап, ал кирешеси төмөн айыл тургундарына багытталган. 

Мындан тышкары жакын арада  Германия  өкмөтү Германия банкы аркылуу KfW  €10.5 млн каражатты турак жайды камсыздоого жумшашат. 

Кошумчалай кетсек, жогорудагы жолугушуу Экономика министринин орун басары  Автандил Алыбаев жана Германия тараптан Экономика боюнча кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлигинен  Катрин Оеллерс  катышкан жолугушууда чечилди. 

Тэги: госдолг Германия Кыргызстан ГИК экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу