Кыргызстан жана ЕРӨБ 11.5 € макулдашууга кол коюшту

16.09.2019, 10:22 Акчабар
Кыргызстан жана ЕРӨБ 11.5 € макулдашууга кол коюшту

Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы насыя жана гранттык негиздеги 11.5 € макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу республиканын Карджы министрлиги билдирет. 

Каржы министрлигинде насыялык жана гранттык макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү. Насыя жана гранттын жалпы суммасы 11.5 € түзсө, анын ичинен 4.1 млн. € – насыяга, 7.4 млн. € - Кербен жана Исфана шаарларына гранттык негизде бөлүнөт. 

Бул бөлүнгөн инвестицияны таза сууга, климаттын өзгөрүүсүнө болгон туруктуулукту жакшыртууга жана өндүрүштүк чыгымдарды оптималдаштырууга жумшалаары күтүлүүдө. 
Макулдашууну Кыргызстан тараптан Каржы министри Бактыгүл Жеенбаева кол койсо, Евразиялык реконструкция жана өнүктүрүү банкынан Орто Азия боюнча Жергиликтүү директор Нил Маккейн кол койду. 

Нил Маккейн өзүнүн билдирүүсүндө мындан ары Кыргызстандын таза суусуна болгон жардам жана колдоосун уланта берээрин билдирди. 

 

Тэги: ЕБРР грант кредит водоснабжение Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу