Кытай бажычыларынын айтуусунда балмуздак КЭР классификацияга ылайык тоңдурулган суусундук катары саналат. Экспортто маалында ага башка ветеринардык талаптар коюлбайт.
«Кыргызстандык балмуздак өндүрүүчүлөр кытай тарапка экспорт жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ », —деп билдирди Кыргызстандын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча кызматынан.
Жогорудагы тыюу салынган тоскоолдуктар жок болгонуна карабай, Кытайга экспорттолгон товардын арасында балмуздак жок. «Акчабар» балмуздак чыгарган «Айс Квин» — компаниясына кайрылып, кытиайга экспорт жасоо кызыкпы деп сурап көрдүк.
«Биздин өндүргөн көлөмүбуз абдан аз. Ошондуктан, Кыргызстан менен гана чектелебиз. Кытайга экспортто кызык. Балким, көлөмү көп компаниялар Кытайга чыгууну каалап жаткандыр», — деп билдиришти «Айс Квин» компаниясынан.
Кыргызстан жылына 6 миң тонн балмуздак өндүрөт. Муну ар бир адамга бөлгөндө 1 кг балмуздактан тиет. Андыктан, азырынча өндүрүүчүлөр ички рынок менен гана чектелүүдө. Андыктан, экспорт тууралуу сөз кылыуунун канчалык кажети бар?
Экспорттолгон азык түлуктүн тизмесинде— 321.1 тонна азыктар деп айтылып, эмне экени ачыкталган эмес. Экспортун суммасы $146.2 миң каражатты түзөт.айтмакчы, 2018-жылдагы дал ушул мезгилге караганда экспорттолгон мал азыктарынын саны 51.7 эсе жогорулаган.
Экинчи орунда жер-жемиштер: анын ичинде жаңгак, цитрус азыктарынын калдыктары, коондун калдыктары— 146.1 тонна жана анын суммасы $124.9 мин каражатка жеткен. Ал былтыркыга караганда 500.6 тоннага экспорт азайган.
кыргыз балы экспорттолуп жатат деген менен анын көлөмү абдан аз. Бал алтургай өзүнчө болүнбөй сүт азыктары, куш эттери жана жумурткалар менен бир эсептелгенАлардын экспортту 40.1 тонна болуп, $159.9 миңге жеткен. бул категориядагы товарлардын экспорту дагы 7.7 тоннага төмөндөгөн.