Россияда чакан бизнес карыз алууга муктаж

07.05.2019, 09:00 Акчабар
Россияда чакан бизнес карыз алууга муктаж

Чакан бизнести туруктуу өнүктүрүүгө карыз алууга муктаждыгы  өсүүдө. «Ваш инвестор» изилдөө  компаниясы,  2019-жылы  I-кварталда  автоээлери арасында сурамжылоо жасашкан. Анда респондерттердин  28% бизнести жүргүзүү үчүн карыз алганы аныкталган. 

Биринчи кезекте микрофинансалык уюмдардын тез насыялоого барышы, ошол эле учурда карыз алуучунун төлөө  кудуретинтез аныкташат. Күрөөгө (автотранспорт, турак жай)  алынып, каржылоо «тез» деген режимде жасалганы менен кардарларды кызыктырууда. Экинчиден, арызды кароо тартиби максималдуу ыңгайлуу болгону бизнесмендерди өзүнө тартууда. 

«Карыз алууга кайрылгандардын көп болушу ишкерлердин маалымат  алуусу жакшырганын. Эгерде кимдир бирөө карыз алууга бир жолу кайрылса, анын он пикири дагы ишкерлер чөйрөсүндө  таасирин тийгизүүдө», –деп эсептейт уюмдун эксперттери. 

«Ваш инвестор» бизнестеги карызга муктаж үч негизги чөйрөнү аныктады: курулуш жана оңдоо, транспорттук компаниялар( жүк ташуучу, соода тармагындагы) ишкерлер. Алар юридикалык жак же жеке ишкер катары же жеке адам катары карызды каттап алышууда. 

Курулуш жана транспорт тармагындагы бизнес үчүн  800 миңден 3 млн рубль же андан жогору суммадагы насыяны үч айдан бир жылдык мөөнөтко алышат. Карызга керектүү шаймандар, авто унаалар сатылып алынып, аз убакытта кө иштерди аткаруу менен тез киреше табууга умтулуу күч. Ал эми курулуш компаниялар үчүн кассалык резервди сезон эмес маалда жабуу болуп саналат. 

.Ал эми соода тармагында орточо алынган карыздын суммасы  100 миң  500 миң рублга чейин алынат. Ал эми карыздарды аз убакыт эки үч күндө жапкандар бар. Бул алардын  тез айлантуудагы ишмердигине байланыштуу. Карызга алынган насыялардын баардыгы кассадагы резервдери жабуу, кызматкерлерге  айлык акысын жабууга жана айлантууга жумшалат. 

 Ошондой эле мезгилдик талаптар бар. Алсак, майрамдар алдында соода түйүндөрү  көбүүрөк карыз алып, кардарлардын суроо-талаптарын аткарууга аракет жасашат. 

«Карыз сурап кайрылган кардарлар бир нече жолу бул кызматтан пайдаланган туруктуу кардарлар 50% түзөт. Бул бизнес үчүн ар кандай керектөолөрдү канаттандыруу үчүн туруктуу каржылоо булагы болуп саналат», – деп билдирди «Ваш инвестор»  изилдөө борборунан. 

Тэги: малый и средний бизнес займы финансы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу