«Манас» аэропортундагы жүргүнчүлөрдүн саны 9 ай ичинде 1.7% өскөн

19.11.2019, 14:01 Акчабар
«Манас» аэропортундагы жүргүнчүлөрдүн саны  9 ай ичинде 1.7% өскөн

2019-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен ААК «Эл аралык «Манас» аэропорту» (79% мамлекеттин үлүшү)  2 млн 715 миң жүргүнчүнү ташыган. Бул өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 46 миң жүргүнчүгө (+1.7%) көп болгон. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет. 

Ички авиалиниядагы жүргүнчүлөр 868 миңди түзгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу 4.4% кыскарган, эл аралык жүргүнчүлөр – 1 млн 845 миңди түзгөн, өткөн жылдан 4.8% өскөн. Бир сутка ичинде ААК «ЭМА» орточо эсеп менен 9.9 миң жүргүнчүнү тейлеген. 

Андан сырткары: 

ААК «ЭМА» Бишкек филиалы 14.7 миң каттамды, 1 млн 588 миң жүргүнчүнү тейлеген. 

ААК «ЭМА» Ош филиалы 8.2 миң каттамды, 1 млн 112 миң жүргүнчүнү тейлеген. 

ААК «ЭМА» Ысык-Көл филиалы 264 каттамды жана 16 миң жүргүнчүнү тейлеген. 

 

Тэги: Манас жүргүнчү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу