«Манас» аэропорту 11 ай ичинде 3,3 млн жүргүнчүнү тейлеген

20.12.2019, 14:15 Акчабар
«Манас» аэропорту 11 ай ичинде 3,3 млн жүргүнчүнү тейлеген

2019-жылдын 11 айында ААК «Манас» Эл аралык аэропорту 3 млн 344 миң 746 жүргүнчүнү тейлешкен. Бул өткөн жылдын 11 айына салыштырмалуу 99 миңге көп болгон. Бул тууралуу 20-декабрда компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен ички авиалиниядагы жүргүнчүлөрдүн саны – 1  млн 68 миң 124, эл аралык – 2 млн 276 миң 622  түзгөн.

Бул убакыт аралыгында 28 миң 198 каттам жүргөн. Анын ичинен эл аралык  багытта – 18 имң 945, ички багытта – 9 миң 253 каттам болгон.

Филилал боюнча:

- «Манас» аэропортунун Бишкектеги филиалы 17 миң 901 каттамды тейлеген. Ички каттам - 4 миң 592 эл аралык – 13 миң 309 каттам болгон. Жүргүнчүлөрдүн жалпы саны – 1 млн 964 миң 765 болгон. Анын ичинен ички авиалиниядагылардын саны – 538 миң 355 адам, эл аралык – 1 млн 426 миң 410  болгон.

- Аэропорттун Ош шаарындагы филиалы 10 миң 27 каттамды тейлеген: ички кататм – 4 миң 569, эл аралык – 5 миң 458. Жүргүнчүлөрдүн саны 1 млн 363 миң 954  болгон. Анын ичинен ички авиалиниядан – 522 мин 560 жүргүнчү, эл аралык – 841 миң 394 жүргүнчү тейленген.

- Ысык - Көл филиалы  270 каттамды тейлеген: ички – 92, эл аралык – 178.  Жүргүнчүлөрдүн агымы – 16 миң 27 болгон. Анын ичинен ички каттам менен – 7 миң 209 жүргүнчү, эл аралык – 8 миң 818 жүргүнчү тейленген.



Тэги: жүргүнчү Манас Аэропорт «Манас»

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу