MegaCom менен «КТ Мобайл» биргелешкен долбоор ачабы?

03.06.2019, 15:30 Акчабар
MegaCom менен «КТ Мобайл» биргелешкен долбоор ачабы?

 «КТ Мобайл» компаниясында жетекчилер алмашты. Эми алар менен 27 МГц жыштыгын биргелешип колдонуу тууралуу MegaCom жетекчиси  Акылбек Жамангулов билдирди. 

Парламенттеги коммиясынын иши учурунда эки ай аралыгында жаңы долбоор ишке кирет. 

«Биз тараптан 345 млн сом «КТ Мобайл» компаниясына которулуп берилгенден кийин, алар келишимде жок талаптарды кое баштаган.  Жетекчилик башка уюлдук операторду түзүүнү талап кылып жатышкан. Биз алардын мыйзамсыз аракеттерин аткаруудан баш тартканбыз.  Учурда  «КТ Мобайл» компаниясына жетекчилик алмашып, эми 27 МГц кеңдигиндеги жыштыкты биргелешип колдонуу чечимине келдик. Жаңы долбоор эки айдын ичинде рынокко чыгат», — деп билдирди Акылбек Жамангулов.

Жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки мамлекеттик ишкана — MegaCom менен  «КТ Мобайл» —  компаниялары биргелешип иштөөсү, коммерциялык жаактан гана эмес, стратегиялык жактан дагы маанилүү деп билдирди.

«MegaCom  70 МГц жыштыгына ээ болсо, «КТ Мобайл» — 27 МГц жыштыкка ээлик клыпы, жалпы көлөмү — 97 радижыштык болууда. Биргелешен иш эки компанияны санариптештирүүдө чоң салым кошмок», —деп билдирди ал. 

Тэги: Акылбек Жамангулов сотовый оператор Мухаммедкалый Абылгазиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу