Кара-Балта-Бишкек жолун салууга Транспорт министрлиги ишкананы издеп жатат

19.07.2019, 09:18 Акчабар
Кара-Балта-Бишкек жолун салууга Транспорт министрлиги  ишкананы издеп жатат

Кыргызстандын жол жана транспорт  министрлиги  Азия өнүктүрүү  банкы каржылаган  долбоордун IV фазасын ишке ашыруу үчүн  тендер жарыялады. 

Тендерди уткан ишкана Бишкек — Кара-Балта  же Бишкек — Ош автожолун курушу керек.

«Иштин мөөнөтү 24 ай. Долбоордун максаты  «Бишкек — Кара-Балта» жолун  ( 8.5 чакырымдан – 15.9чакырым)» жасоо зарыл, —деп түшүндүрдү Транспорт министрлиги. 

Тендерге баардык каалоочулар катыша алыат. Болгону АӨБ тарабынан талаптарга жооп бериши керек. .

Сынакка катышуу үчүн компания буга чейин  $22.3 млн кем эмес дал ушундай иш аткарган болушу абзел. мындан тышкары компаниянын активдери оң маанайда болуп, акыркы үч жылдагы курулуштагы айлаткан акчасы  $28 млн кем болбошу керек. Ошондой эле, компаниянын финансы ресурсу  $4.6 млн кем эмес болсун деген талаптар коюлууда. 

Эскерте кетели, тендер эл аралык стандартка ылайык бир эле басыкчтан бирок, эки конвертке салынып жасалган процедура менен коштолот. Тендерге катышууга арыз берүүнүн акыркы убакытысы 2019-жылдын 29-августу. 

Тэги: тендер реконструкция Бишкек — Кара-Балта Азиатский банк развития

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу