Нарында кийиз өндүрүү башталат

27.05.2019, 08:52 Акчабар
Нарында кийиз өндүрүү башталат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын районундагы мал союучу цехтин курулушун көрүп кайтты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында мал союучу жана жүндү кайра иштетүү менен алектенген ишкананын курулушу менен таанышты.

Ишкана Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүндө жайгашкан.

Учурда цехтин жүндү кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк имаратынын курулушу аяктап жатат.

Ишкананын жүндү даярдоо жана кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1000 тоннаны түзөт. Долбоордо кийиз чыгаруучу, атайын бут кийим чыгаруучу цехтин курулушу каралган.

Кийиз өндүрүү боюнча өндүрүштүк кубаттуулук суткасына 250-300 кг, бут кийим чыгаруу боюнча өндүрүштүк кубаттуулук – суткасына 50-150 даана.

Мындан тышкары суткасына 50 баш ири мүйүздүү жана 150 баш майда мал жандыктарын сойгон мал союучу цех ачылат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, мындай адистешкен баштапкы кайра иштетүүчү объекттердин касапканаларга суроо-талап бар Нарын облусунда курулушу аймакты өнүктүрүү  жана жаңы иш орундарын түзүү үчүн маанилүү болуп саналат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу