Насыя боюнча Бельгия фондун ачууда 9 аткаминер «үлүшкө отурууну» каалашкан

02.10.2019, 13:56 Акчабар
Насыя боюнча Бельгия фондун ачууда 9 аткаминер «үлүшкө отурууну» каалашкан

Ар бир министр, ар бир чиновник 10-15% үлүштө отурушат. Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева (КСДП) экономикалык жана фискальдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди. 

Депутат Бельгиянын фонд ачууну каалаган өкүлчүлүктөр менен жолуккан учурда, алар Улуттук банк менен экономика министрлиги кабыл албай жаткадыгын айткан. 
Депутаттын айтымында, Европалыктар долбоор тууралуу кайрылдганда 9 аткаминер «үлүшкө отурууну» каалашкан. 

«Мен аларды мекендин саткынчылары катары социалдык баракка жарыялоо үчүн алардын визиткасын сурадым», - деп билдирди депутат. 


Эгерде компания ишке кирсе, бир жылдык айлануусу 1,5 млрд. еврону түзмөк. 

«Бизге 1,5 млрд. евронун кереги жок да. Бизге акчанын бир бөлүгү кимдир бирөөнүн чөнтөгүндө калуусу кажет да», -  деп билдирди эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева. 

Тэги: Бельгия фонду насыя Кыргызстан аткаминер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу