Новиков: Жаңы салык кодексин кабыл алууга убакыт келди

17.11.2020, 11:41 Акчабар
Новиков: Жаңы салык кодексин кабыл алууга убакыт келди

Бүгүнкү күндө өлкөнүн экономикалык багытында кардиналдуу өзгөрүү кадамдарына өтүү зарыл. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Өкмөткө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин биринчи кеңешмесинде билдирди. Өкмөттүн расмий сайтына жарыыяланган маалыматка ылайык, жыйындын алкагында Новиков азыркы салык кодекси боюнча нааразычылыктар бар экенин айтып, жаңысын иштеп чыгуу керек деген:  

“Экономиканы өнүктүрүүдөгү маанилүү кадамдардын бири – бул Салык кодекси. Салык кодексин талдоо киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун туруксуздугун жана тутумсуз экендигин, салык төлөөчүлөр тарабынан нааразычылыктардын бар экендигин көрсөттү. Жаңы Салык кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алууга убакыт келип жетти. Жаңы редакция эски мамилелерди жана   салык башкаруу ыкмаларын жоюп, ал түз таасир этүүчү мыйзам катары колдонууга жөнөкөй жана салык төлөөчү үчүн түшүнүктүү болушу керек.  Бир документте бизнес үчүн бардык салыкты жана социалдык төлөмдөрдү бириктирүү керек. Андыктан, түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ 2 айлык мөөнөттө Салык кодексинин жаңы редакциясын жана тийиштүү ЧУА пакетин даярдашы зарыл, ал бизнес-коомчулук менен биргеликте талкууланып, коомдук талкуудан өткөрүлүп, Экономикалык реформалар боюнча кеңештин кароосуна киргизилиши кажет”.

Мындан тышкары, мыйзамдарды алга жылдыруудагы реформалардын биринчи кезектеги чаралары жана багыттары белгиленди. Ага ылайык, бизнестин укук коргоо (сот) жана текшерүүчү органдар менен өз-ара аракеттешүүсү, фискалдык тутумду реформалоо, энергетика тармагын реформалоо жана курулуш тармагын өнүктүрүү керектиги айтылганы маалым болду. 

Иш-чарада Экономикалык реформалар боюнча кеңештин катышуучулары тараптан эки жумалык мөөнөттө экономиканын маанилүү тарамактарын реформалоо боюнча концептуалдык сунуштарды даярдап, кеңештин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.

Тэги: Новиков экономика салык кодекси

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу