2019 – жылдын сегиз айдагы жыйынтыгы менен экспорттун көлөмү 1 млрд.60 млн. $ же болбосо 9.1% өскөн. Бул тууралуу өкмөттүн кезектеги жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Экспорттун өсүүсү – 2018 – жылдын январь-июль айында (($971.7 млн) 88.3 млн. $ түзгөн. Импорт 369.6 млн. $ же болбосо 11.8% кыскарган.
Өкмөт бизнести колдоодо бир катар чечкиндүү кадамдарды кабыл алганын, премьер-министр билдирди.
«Түз инвестициялардын көлөмү биринчи жарым жылдыкта 59.9% көбөйүп, 394 млн. $түзгөн», - деп айтты Абылгазиев.