Өкмөт: Июлдагы салык жана бажы алымдары толук чогултулду

04.08.2020, 11:33 Акчабар
Өкмөт: Июлдагы салык жана бажы алымдары толук чогултулду

Бүгүн, 4-августта премьер-министр Кубатбек Боронов үстүбүздөгү жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Боронов салык жана бажы кызматтарында резервдерди мобилизациялоо, жыйымдарды чогултуунун көрсөткүчүн жакшыртуу боюнча мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. 

«Башында бизде бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча ушундай пландарыбыз бар болчу. Бирок COVID-19 пандемиясынан улам ага белгилүү бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө туура келди. Былтыркы жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча буга чейин кабыл алынган пландан артта калып жатабыз. Ошол эле учурда июль айынан бери бюджетти аткаруунун көрсөткүчүнүн динамикасы жакшырып жатканын белгилей кетүү керек. Учурдагы жоготууларды жабуу жана кийинки жылдын бюджетин түзүү үчүн иштерди активдештирүү зарыл», - деди өкмөт башчы. 

2020-жылдын июль айындагы жыйынтык боюнча бажы жана салык алымдарын чогултуунун планы толугу менен аткарылды. 

«Көпчүлүккө инфекциянын массалык түрдө жугуу коркунучун жаратпай турган экономиканын айрым тармактарынын ишин жандандыруу керек. Муну менен катар Торугарт көзөмөл-өткөрүү пунктун ачуу маанилүү, анткени жүктөрдүн 65 пайызы ошол жактан өтөт. Товарларды импорттоо/экспорттоонун алгоритмин бекитүү боюнча кытай тарап менен иштерди тездетүү зарыл», - деди Кубатбек Боронов. 

Жыйындын соңунда премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Тэги: бажы алымдары салык чогултуу ишкерлик субъект

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу