«Ош» эл аралык аэропорту бүгүн 7-июнда Алма-Ата-Ош-Алма-Ата авиа катамы аземдүү ачылды. QAZAQ Air компаниясы алгачкы жүргүнчүлөрдү ташып келди. Казахстандын борборунан Bombardier Q400 NextGen рейсинен 64 жүргүнчү Ошко учуп келишти.
Казахстандын Кыргызстандын түшүгүнө учуп келген жүргүнчүлөр рейстин ынгайлуу экенин билдиришти. «МАМ» жетекчиси Талантбек Ысаков бул рейстин маанилүү экенин белгиледи.