Мамлекеттик млк фондунда «Алтын кум», «Рохат», «Дилором» менен «Бостон» пансонаттары «Мүлк» фондусунда туруп, Өзбекстанга кайтарылган эмес.
2016-жылы Ысык Көлдүн жээгиндеги төрт пансионат буга чейин коңшу Өзбекстан ээлик кылып келип, ал кыргызстандын менчигине өткөн. Ушундай токтомго ал кездеги премьер-министр Темир Сариев кол койгон. Мындай чечим кабыл алууга эки документ негиз болгон:
Албетте, баардыгы туура. Мыйзамга таянган макулдашуу. Анда эмнеге Өзбек Республикасы ага нааразы болуп, АКШ эл аралык сотуна доо арыз менен кайрылышты?
Темир Сариевдин чечкиндүү эрктүулугү менен бир жарым жыл талашып жатып алыган пансионаттар, 2017-жылы декабрдагы кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековдун Ташкентке расмий иш сапарында Өзбекстанга Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатты кайра кайтарып берди.
Көрсө, ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков төрт пансионатты ээлеген жери менен кайрадан Өзбекстанга убактылуу колдонууга кол коюгон токтом чыгарган. Бул тууралуу өкмөттүн басма соз кызматы билдирди.
Түшүнүксүз жагдайларга жараша пансионаттын тагыдыр так чечилбей келет. Учурда бул талашка түшкөн пансионаттарга Кыргызстан ээлик кылып, андан ажырагысы келген жок.
8 -майда өкмөттүн басма сөз кызматы айрым ММК каражаттарындагы Кыргыз тараптын АКШ эл аралык сотто төрт пансионаттын талашы боюнча жеңилди дегенин четке кагып, өз позицияларын билдиришти.
«Учурда бул талаш Эл аралык арбитраждык сотто каралуусу каралууда. айта кетчүү жагдай, арбитраждык сотто мындай доо арызды кароого алардын юридикалык укугу барбы аныктоо зарыл. Андан кийин гана талаш маселе талкууга алынат», – деп билдирдиөкмөттүн аппаратында.
2019-жылы биринчи этап болуп, анда арбитраждык сот бул маселени кароого юридикциясы бар экенин айткан.
«Учурда өкмөт тарабынан баардык далилдүү документтер даярдалып, доогердин аргументтери жүйөлүбү изилденип жатат», – деп билдирди маалыматта.