Кыргызстандын улуттук статистика комитети 2020- жылдагы калктын санын каттоо үчүн мобилдик тиркеме иштеп чыкты.
Электрондук форматка өтүү Президент С.Жээнбековдун тапшырмасынын негизинде аткарылган.
Бул тиркеме атайын тестирлөөдөн өтүп, Токмок, Чүй жана Ысык-Көл областынын Кум-Бел айыл аймагындагы жашоочуларды каттады.
Тестирлөөнүн жыйынтыгында, маамыламттарды алууда жана аны кайра оңдоодо аз убакыттын кете тургандыгы тастыкталды.
“Ошол с ебептен 2020 - жылдын 23 – мартынан 1 – апрелине чейин калктын санын толук кандуу электрондук негизде каттоо жүргүзүлөт.” – деп билдирет статистикалык комитет.