«Чалдыбар-автокүзөт» чек арасы аркылуу Кыргызстанга 53 тонны мыйзамсыз мунай ташыган адамдар кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөзү билдирди.
«Чалдыбар-автожол» Күзөтүнөн Казахстан тарабынан RENAULT PREMIUM менен DAF-TE чиркегичттери менен мунайзаттарын ташууга аракет кылган. Ал эми документтеринде «Дистиллят» деп көрсөтүп жатат. Текшерүү маалында цистерндерде мунай зат 53 тонна табылып, ал камоого алынган.
Жалпы мунай заттын суммасы 1.2 млн сом болгон.
«Кыргызстандын эки жараны жалган документтер аркылуу че арадан өткөрүү маалында кармалды. Учурда териштирүү иштери жасалып жатат деп билдирди мамлекеттик орган.
Айтмакчы, эксперттердин эсеби боюнча 20-25% мунай заты мыйзамсыз ташылып, көмүскө экономиканын көлөмүн көбөйтүүдө.