Президент Россия жана Венгрияга барат

25.09.2020, 15:47 Акчабар
Президент Россия жана Венгрияга барат

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясына жумушчу иш сапары менен Венгрияга расмий визит менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен болгон онлайн кеңешмеде маалым болду.

«‎Президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу иш сапары менен Россияга дүйшөмбү күнү, 28-сентябрда барат. Иш сапардын алкагында Россия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт», - деп айтылат маалыматта.

Россияга болгон иш сапарын жыйынтыктап, мамлекет башчысы 28-29-сентябрь күндөрү Венгрияга расмий визит менен барат. 

Визиттин алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Венгрия премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушат, анда кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы абалы менен келечеги талкууланат.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат. Ошондой эле Венгрия президенти Янош Адер жана Улуттук Жыйындын спикери Ласло Кёвер менен жолугушуулар күтүлүүдө.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу