Президент: Тышкы карызды терең реструктуризациялоо зарыл

29.05.2020, 09:00 Акчабар
Президент: Тышкы карызды терең реструктуризациялоо зарыл

Тышкы карызды, анын ичинде көп тараптуу кредиторлордун алдындагы карызды терең реструктуризациялоо зарыл. Президент Сооронбай Жээнбеков ушундай сунуш менен бүгүн, 28-майда, учурдагы түзүлгөн кырдаалда БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүдө өлкөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн «Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара» аттуу видеоконференция форматындагы эл аралык форумда чыгып сүйлөдү. Бул тууралу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

 

Мамлекет башчысы экинчи этап менен саламаттыкты сактоо, социалдык колдоо жана азык-түлүк коопсуздугу тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу программасын иштеп чыгууну сунуштады.

Мындан сырткары, экология, климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономика тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу боюнча программаларды иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

«Булар үстүбүздөгү жылдын апрель айында Антониу Гутерриш тарабынан айтылган 6 чарага шайкеш келет. Биздин сунуштарыбыз колдоо тапса, БУУнун алкагында тиешелүү Жол картасын иштеп чыгып, кабыл алууну сунуштайм», — деп белгиледи Президент жана азыркы кырдаал чечкиндүү чараларды, стандарттан тыш мамилелерди талап кылып жатканын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы пандемиясы саламаттыкты сактоонун гана көйгөйү болуп калбаганын, ал бардык өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын да экономикалык жактан өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип жатканын баса белгиледи.

 

Коронавируска каршы көрүлүп жаткан коргонуу чаралары экономикалык активдүүлүктүн кескин түрдө төмөндөшүнө алып келгенин белгиледи.

«Кыргызстан тоолуу өлкө катары деңизге чыга албагандыктан, тышкы соода операцияларынын азайышына да туш болду. Үстүбүздөгү жылдын соңунда экономикалык өсүштүн жана бюджеттин киреше бөлүгүнүн олутуу төмөндөшү күтүлүүдө. Бюджеттик каражаттардын жетишсиздиги калктын социалдык абалынын начарлашына алып келиши ыктымал», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы жана мындай шарттарда БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары менен тыгыз байланышта болгон улуттук өнүгүү программаларын ишке ашыруу үзгүлтүккө учуроо коркунучунда тургандыгын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков мындай кыйын кырдаалда колдоо көрсөткөн БУУ системасына жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле «Чоң жыйырмалык» өлкөлөрүнө жана Париж клубуна Кыргызстандын мамлекеттик карыздары боюнча төлөмдөрүн токтото туруу демилгеси үчүн ыраазычылыгын айтты.

Иш-чара чет мамлекет башчыларынын, эл аралык уюмдардын, каржы институттарынын жетекчилеринин жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин катышуусунда видеоконференция форматында өтүп жатат.

 

Тэги: Тышкы карыз кредиторлор карыз президент Сооронбай Жээнбеков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу