Профилдик комитет автомобилдерди милдеттүү камсыздандырууну дагы эки жылга артка жылдырды

09.04.2019, 18:45 Акчабар
Профилдик комитет автомобилдерди милдеттүү камсыздандырууну дагы эки жылга артка жылдырды

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш  комитети  депутаттар тобу демилгелеп чыккан «ОСАГО же милдеттүү жарандык жоопкерчиликтеги автомобилди камсыздандыруу» мыйзам долбоорун карашты. 

Бул мыйзам долбоорун Акылбек Жапаров демилгелеп келет. Анын  айтымында мыйзам долбоорунун сунуштоонун башкы максаты  милдеттүү жарандык жоопкерчиликтеги автомобилди камсыздандырууну  дагы эки жылга киргизбей токтотуп туру. Демек, мыйзам 2021-жылы февралда гана күчүнө  кирет. 

Жапаровдун айтымында айдоочулар гана эмес,  камсыздандыруу  компаниялары дагы даяр эмес. 

«Камсыздандыруу компаниялары  аймактарда жетиштүү бөлумдөрүн ачып, камсыздандыруу полисин сатуучу  жайлар ачылган эмес. Эгерде талаштар жаралса, ал жерге жетип барып чыгашаны эсептөөчү  адистер дагы жетишсиз. Милдеттүү  камсыздандырууга  тийиштүү  аракеттер жасалбагандыктан,  эл нааразы болуп, бул мыйзамды четке кагышы мүмкүн»  деп билдирди ал. 

Мыйзамда камсыздалган адамдын алдында мамлекеттин жоопкерчилиги жазылган. Бирок, анда талаш жаралган маалда, эгер бир тарап чечимге макул болбосо, ага мамлекет кандай  аракет жасат так жазылган эмес. Соттук териштирүү  узакка созулуп кетет эмеспи.

 

«Бизде чыгашаларды так эсептөөчү квалификациялуу  эксперттик уюмдар жок. Ошондой эле мамлекеттин 100 үлүшүндөгү  камсыздандыруу компания жок болууд» —деп жыйынтыктады Жапаров.

Комитеттин мүчөлөрү мыйзамды биринчи окууда жактырышты. 

Тэги: ОСАГО законодательство законопроект Акылбек Жапаров автострахование

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу