Россия Кыргызстандын жарандарына өлкөгө кирүүгө чектөө киргизди

17.03.2020, 10:15 Акчабар
Россия Кыргызстандын жарандарына өлкөгө кирүүгө чектөө киргизди

Россия бир катар өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына жана жарандыгы жокторго өлкөгө кирүүгө убактылуу чектөө киргизүүдө.

Россия өкмөтүнүн расмий сайтында айтылгандай, Россия өкмөт башчысы Михаил Мишустин Азербайжан, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Беларус, Тажикстан, Армениянын өкмөт башчылары менен телефондук аркылуу сүйлөшүп, алар тарабынан киргизилип жаткан чектөөлөр тууралуу билдирген.

Чектөө 18-мартта күчүнө кирип, 1-майга чейин созулат.

Маалыматка ылайык, чектөө Россиядагы дипломатиялык жаан консулдук мекемелердин кызматкерлерине, эл аралык унаа жолдорунун айдоочуларына, расмий делегация мүчөлөрүнө ж.б. тиешелүү болбойт.

 

 

Тэги: Россия Кыргызстан чектөө жарандар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу