Россия менен аба каттам сентябрдан тарта ачылышы мүмкүн

24.08.2020, 12:45 Акчабар
Россия менен аба каттам сентябрдан тарта ачылышы мүмкүн

Россия менен сентябрдан тарта туруктуу каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев маалымдаган. 

Анын айтымында, Кыргызстан Россия менен сентябрь айынан баштап 4 шаар менен туруктуу каттамдарды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

«Биз Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарлары менен каттамдарды калыбына келтирүү маселеси боюнча иштеп жатабыз. Туруктуу рейстер сентябрь айында ачылышы мүмкүн», - деди ал.

Акышев кошумчалагандай, туруктуу каттамдар боюнча Казакстан менен дагы маселе иштелип чыгууда, ошондой эле сунуштар Кувейт менен Өзбекстанга жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, Түркияга жана Бириккен Араб Эмираттарына 10-августтан баштап аба каттамдары ачылган.

Тэги: Россия аба каттам Сентябрь

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу